Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:54

“Сентябрь” телеканалынын жетекчилиги Биринчи Май райондук сотунун чечимине каршы жогорку инстанцияларга кайрылат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна аталган телеканалдын өкүлү Кайыргүл Урумканова билдирди.

Биринчи Май райондук соту 22-августта Кыргызстандагы оппозициялык маанайдагы "Сентябрь" телеканалынын жана сайтынын ишмердүүлүгүнө тыюу салган чечимин чыгарган.

Сотко Башкы прокуратура кайрылган. Анын арыздануусуна мурда Жалал-Абад шаарында чыгып турган "Сентябрь" каналында КСДПнын өкүлү, буга чейинки өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун аброюна шек келтирген маалымат жарыяланганы негиз болгону айтылды.

Судья Жылдыз Жумабаева чечим дароо күчүнө кирерин кошумчалаган. “Сентябрдын” ишмердүүлүгүн токтотуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча комитети жана УКМКга жүктөлдү. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG