Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:21

Өзбекстан энергетикалык шакекчени кеңейтүүгө ниеттенүүдө


«Узбекэнерго» жетекчилиги 22-сентябрда кабарлагандай, Өзбекстан менен Борбор Азиянын энергосистемасы учурда шакекче режиминде 500 кВ жана 220 кВ линиялары аркылуу иштөөдө.

“Мындан ары дагы шакекчени кеңейтүү жана күчтөндүрүү боюнча чараларды кабыл алабыз. Учурда Ооганстан менен дагы иштеп жатабыз, бул багытта 220 кВ линиябыз бар, биз ооган элине жардам берүүдөбүз”, –деп билдирди «Узбекэнерго» стратегиялык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Эсо Садуллаев.

Садуллаевдин айтымында, компания CASA-1000 долбоору боюнча түшкөн сунуштарды кароого даяр, бирок бул жерде чечимди өзбек өкмөтү кабыл алат.

Аймакта бирдиктүү энергетикалык система Советтер Союзу тушунда эле түзүлүп, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жалпы кубаттуулуктагы электр энергиясын пайдаланып келген. Бирок СССР тарагандан кийин коңшулар ортосунда жаралган пикир келишпестиктен улам ал мурдагы маанисин жоготкон.

XS
SM
MD
LG