Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:53

Түркмөнстан спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салды


Жапалак айыл өкмөтүндө 400 миң сомдук спирт ичимдиги жок кылынган. Ош облусу. Кыргызстан. Июль, 2017-жыл.

Түркмөн бийлиги Азиа оюндарынын алдында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салды.

Ашхабаддын дүкөндөрүндө алкоголдук продукция толугу менен алынды, спирт ичимдиктерин саткан соода түйүндөрү өз ишмердүүлүгүн токтотушту.

"Ассошиэйтед Пресс" ((AP) агенттигинин кабарлашынча, бийликтин оозеки көрсөтмөсүнүн негизинде ичимдик сатуу быйылкы жылдын октябрь айына чейин токтотулду.

Франс-пресс (AFP) маалымат агенттиги өз булактарына таянып билдиргендей, спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу - Ашхабадда өтө турган Азия оюндарына байланыштуу. Мындай чечим иш-чара учурунда коомдук тартипти камсыздоо максатында кабыл алынган. Түркмөнстан өкмөтү 15-августта аскер жана укук коргоо органдарын күчөтүлгөн режимде иштөөгө буюрган. Чек араларды жабуу жана виза берүүгө чектөө киргизүү тапшырмасы берилген. Азия оюндары 17-27-сентябрь күндөрү өтөт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG