Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:49

Гроздь айылында жаңы көрүстөн ачылат


Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, шаардын түштүк-батышындагы Чоң-Арык айылындагы көрүстөн толуп калганына байланыштуу Аламүдүн районунун Гроздь айылына жаңы шаардык мүрзө ачуу чечими чыкты.

Чоң-Арыктагы көрүстөн 1973-жылы ачылган. Алгач анын аймагы 69 гектарды түзсө, азыр 300 гектар аймакты ээлейт. Жай жоктугуна байланыштуу бишкектиктер каза болгон туугандарын башка райондордо жерге берип келген.

Жаңы ачыла турган шаардык көрүстөндүн аянты 44 гектарды түзөт. Ага барчу кеңдиги 18 метр болгон жол оңдоп-түзөлдү. Атайын автомобиль токтоочу жай, маркумдарды эскерүүгө барган жакындары үчүн ички жолдор салынды.

Айрым маалыматтарда өлүк коюуга берилчү жердин баасы 1000 сомдон 40 миң сомго чейин жеткени айтылат. Айрым адистер жер тартыштыгын чечүү үчүн крематорий куруп, сөөктү өрттөөнү сунуштап келишет. Баш калаанын айланасында беш көрүстөн бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG