Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:41

Шайлоо-2017: Жээнбековдун штабы үгүт боюнча арызданууларга жооп кайтарды


Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

КСДПнын президенттик шайлоого бирдиктүү талапкери Сооронбай Жээнбековдун штабы маалымдагандай, интернеттеги социалдык тармактарда үгүт иштери эртелеп, мыйзам бузуу менен башталганы тууралуу жазылган маалыматтар чындыкка дал келбейт. "Бул маалыматтарды тараткандар коомчулукту атайын адаштырып жатышат. Бул китепчелер КСДПнын курултайында таркатылган. Өздөрү көрсөтүп жаткан талапкер тууралуу маалыматтар жазылган китепчелерди ар бир эле партия мүчөлөрүнө таратып бергени белгилүү", - деп айтылат билдирүүдө.

Апта башында Жээнбеков тууралуу үгүт китепчелери таратылганы, алар кайда, кандай каражатка чыгарылганы жөнүндө сөз жоктугу, бул шайлоо мыйзамдарын бузары тууралуу маалыматтар социалдык тармактарда пайда болгон.

Сооронбай Жээнбеков быйыл 15-июль күнү Кыргызстан Социал-демократтар партиясынан президенттикке талапкер болуп көрсөтүлгөн. Буга байланыштуу ал 21-августта премьер-министрлик кызматын тапшырды. Ошол эле күнү Кыргызстандын Боршайкому Жээнбековду президенттик шайлоого талапкер катары расмий каттады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG