Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

КСДП премьерликке Исаковду, орун басарлыкка Зилалиев менен Абдыгуловду сунуштоодо


Өкмөт үйү
Өкмөт үйү

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы өкмөттүн курамын эртең 24-августта карайт, премьер-министрликке президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаковдун талапкерлиги каралууда. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна фракция мүчөсү Рыскелди Момбеков кабарлады.

Анын айтымында, биринчи вице-премьерлик кызматка Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев менен Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов каралууда.

Момбеков өкмөттүн курамына өзгөртүүлөр каралып жатканын, жаштар негизги талап болорун кошумчалады.

25-августта парламенттин кезексиз сессиясы алкагында сунушталып жаткан талапкерлер Жогорку Кеңештин тиешелүү эки комитетинде жана көпчүлүк коалицияда каралат. (BkA)

XS
SM
MD
LG