Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:26

Текебаевдин адвокаты укугун коргоо тууралуу арыз жазды


Канат Хасанов сот залында (ортодо)
Канат Хасанов сот залында (ортодо)

Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарынын бири Канат Хасанов кесиптик укугун коргоп берүү өтүнүчү менен өлкөнүн Адвокатурасына кайрылды. Ал бүгүн “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, арызданууга Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу ага карата жеке аныктама чыгарганы себеп болду:

- 19 жылдан берки адвокаттык ишмердүүлүгүмдө мындай болгон эмес. Мен эч качан процессуалдык жана этикалык эрежелерди бузган эмесмин. Ошондой эле сот процесси иш убактысы аяктагандан кийин уланган учурлар да болгон эмес.

Хасанов 15-августта Текебаевдин соту иш күнү аяктаганына карабастан уланып жатканына нааразылык билдирген. Бул үчүн ага карата судья жеке аныктама чыгарган. Хасанов бул аныктама саат 20:14тө берилгени өзү мыйзамсыз деп эсептейт.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алды деп 16-августта экөө тең сегиз жылга кесилген.

Соттолуучулар бул айып негизсиз саясий куугунтук экенин билдирип келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG