Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:19

Жол кырсыгы көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

23-августта саат 8:00 чамасында Бишкек-Торугарт айланма жолунда "Ниссан" жана "Ауди" үлгүсүндөгү эки унаа кагышып, "Аудинин" айдоочусу жана жүргүнчүсү набыт болушту. Берки автоунаанын айдоочусу кабыргасы сынып, ооруканага жеткирилди. Дарыгерлер айдоочу мас абалында болгонун тастыкташты.

22-августта Ошто Бишкек-Ош жолунда бара жаткан Daewoo Matiz унаасынын айдоочусу бетон тосмону сүзгөн. Ал оор жаракат алып, облустук ооруканада жан берген. Унаада бараткан беш жүргүнчү түрдүү жаракат алган.
Бул тууралуу кайгуул-күзөт башкармалыгы маалымдады.

22-августта Чүйдө жол кырсыгынан төрт адам набыт болгон, кайгуул-күзөт башкармалыгы ал мас абалда болгонун кабарлады. Ошол эле күнү Баткенде жүк ташуучу унаа 10 жаштагы баланы коюп кетип, өспүрүм ошол жерден жан берген.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан тарта 3 миңге жакын жол кырсыгы катталды. Андан үч жүздөн ашуун киши набыт болуп, төрт миңдей адам жабыркаган. Кайгуул кызматкерлери мунун көбү мас абалында унаа айдагандан болгонун айтышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG