Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Текебаев менен Чотоновдун адвокаттары апелляциялык арыз даярдоодо


“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун адвокаттары Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз даярдап жатышат. “Ар бир туура эмес жерлерин негиздеп жатабыз. Арыз бүгүн-эртең берилет” деп билдирди шаршемби күнү “Азаттык” радиосуна адвокат Канат Хасанов.

16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу эки саясатчыны сегиз жылга эркинен ажыратуу, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошогондон кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу өкүм чыгарган. Аларга карата кылмыш иштин козголушуна орусиялык жарандын бир миллион долларлык пара тууралуу арызы негиз болгон.

Соттолуучулар бул айыптоо негизсиз экенин айтып келатышат.

Биринчи Май райондук сотунун канцеляриясынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, Текебаевдин адвокаттарына өкүм 18-августта, ал эми Чотоновдукуна 22-августта берилди. (RK)

XS
SM
MD
LG