Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан көк бөрүнүн казакча түрү – көкпар боюнча дүйнө чемпиондугунда Кыргызстан менен Түркиянын улуттук курама командалары учурда беттешип жатат. 1-тайм аяктагандан кийин 7:2 эсебинде кыргыз көк бөрүчүлөрү алдыда келе жатат.
Оюн дагы бир таймдан кийин аяктайт.
Буга чейин Кыргызстан Монголияны 4:0, Өзбекстанды 11:2 эсебинде утуп алган. Алдыда АКШ жана Тажикстандын командалары менен беттешүү өткөрөт.
Алгачкы дүйнө чемпиондугуна 12 мамлекеттен командалар чакырылган. Учурда 11 команда эки топко бөлүнүп ойноп жатышат. Тайпалык мелдештер 25-августта аяктайт. Финалдык таймаш 27-августта болот. (ECh)