Кыргызстандын Башкы прокуратурасы “Сентябрь” телеканалы боюнча маалымат таратып, анын өкүлдөрү коомчулукка туура эмес кабар таратууда деп билдирди.
Башкы көзөмөл органынын белгилешинче, учурда санарип форматта Бишкекте иштеп жаткан “Сентябрь” өз ишмердүүлүгүн мурда Жалал-Абаддан чыгуучу аналогдук “Сентябрдын” лицензиясынын негизинде жүргүзүп келатат. Буга, Башкы прокуратуранын айтымында, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттен, Юстиция министрлигинен алынган расмий документтер далил.
22-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту көзөмөл органынын “Сентябрга” карата доо арызын канааттандырып, теле жана радиопрограммаларына тыюу салуу жана анын Интернеттеги көрсөтүүлөрүнө чектөө киргизүү тууралуу чечим чыгарган. Буга 2016-жылдын 29-сентябрында Жалал-Абаддагы “Сентябрдын” эфиринен айтылган сөз себеп болгон. Анда Ош облустук милициясынын мурдагы башчысы Абдылда Капаров Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдорду 2010-жылдын этнос аралык июнь калабасынан кийинки акча каражатын "жеп алган" деп айыптаган. Бирок Жээнбековдор бул айтылгандарды куру доомат деп атап, Капаровду сотко берип, утуп алышкан.
Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдын апрелинен быйыл 22-августка чейин премьер-министрлик кызматты аркалады. Ал 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого КСДП партиясынан бирдиктүү талапкер катары сунушталган. Ал эми анын иниси Асылбек Жээнбеков мурда Жогорку Кеңештин төрагасы болгон, азыр ал КСДП фракциясынан депутат.
Бишкектеги "Сентябрь” телеканалы мурдагы аналогдук каналга эч тиешеси жоктугун айтууда. Соңку кездери ал бийликти кескин сындап, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камалышын саясий куугунтук деп ачык атап келген. Каналды жабуу чечимин алар бийликтин атайын уюштурган аракети деп атоодо. (RK)