Президент Петро Порошенконун жаңы окуу жылынан тарта Украинанын чыгышында ок атышууну токтотуу сунушун Орусия, Германия жана Франциянын лидерлери колдошту. Ангела Меркел, Эммануэл Макрон, Владимир Путин жана Петро Порошенко шейшембиде телефон аркылуу сүйлөшүп, украин чыгышындагы окуучулар мектепке тоскоолдуксуз барышы керектигин белгилешти.
Кремл жана Порошенконун администрациясы билдиргендей, ок атышпоо келишими 23-августта расмий жарыяланмакчы. Мындай сунушка АКШнын Украина боюнча атайын чабарманы Курт Волкер да колдоосун билдиргени белгилүү болду.
Украин армиясы менен орусиячыл жикчилдердин ортосундагы ок атышууну токтотууну максат кылган эки жыл мурдагы Минск келишими толук ишке ашпай келет.
2014-жылдын апрель айында тутанган жаңжал баш-аягы 10 миңдей адамдын өмүрүн алды.