Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:24

Атамбаев Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Патрушевди кабыл алды


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Кыргызстанга жумуш сапар менен келген Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевди кабыл алды.

Мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, аскердик-техникалык кызматташуу чөйрөсүндө мамилелерди өнүктүрүү, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүү маселеси талкууланды.

Ошондой эле аймактагы жана эл аралык коопсуздукту камсыз кылуунун актуалдуу маселелери тууралуу сөз болду.

Патрушев Бишкекке эки өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдарынын ортосунда пландаштырылган жумушчу консультацияларга катышуу үчүн келгени айтылды. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG