Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:55

Төрөбаев: "Сентябрдын" жабылышы шайлоого таасир этүүчү саясий акт болууда


Бакыт Төрөбаев
Бакыт Төрөбаев

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда соттор көз каранды эмес маалымат каражаттарына басымын күчөтүп жатат деп эсептейт. Бүгүн ал оозеки билдирүү таратып, «Сентябрь» телеканалын жабуу тууралуу чечим шашылыш жана негизсиз болуп калды деген пикирин айтты.

"Бул альтернативдик маалымат булагын жок кылуу аракети жана президенттик шайлоонун жүрүшүнө таасир эте турган саясий акт" деп билдирди Төрөбаев.

22-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту көзөмөл органынын “Сентябрга” карата доо арызын канааттандырып, теле жана радиопрограммаларына тыюу салуу жана анын Интернеттеги көрсөтүүлөрүнө чектөө киргизүү тууралуу чечим чыгарган. Буга 2016-жылдын 29-сентябрында Жалал-Абаддагы “Сентябрдын” эфиринен айтылган сөз себеп болгон. Анда Ош облустук милициясынын мурдагы башчысы Абдылда Капаров Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдорду 2010-жылдын этнос аралык июнь калабасынан кийинки акча каражатын "жеп алган" деп айыптаган. Бирок Жээнбековдор бул айтылгандарды куру доомат деп атап, Капаровду сотко берип, утуп алышкан.

Башкы көзөмөл органынын белгилешинче, учурда санарип форматта Бишкекте иштеп жаткан “Сентябрь” өз ишмердүүлүгүн мурда Жалал-Абаддан чыгуучу аналогдук “Сентябрдын” лицензиясынын негизинде жүргүзүп келатат. Буга, Башкы прокуратуранын айтымында, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттен, Юстиция министрлигинен алынган расмий документтер далил.

Бишкектеги "Сентябрь” телеканалы мурдагы аналогдук каналга эч тиешеси жоктугун айтууда. Соңку кездери ал бийликти кескин сындап, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камалышын саясий куугунтук деп ачык атап келген. Каналды жабуу чечимин алар бийликтин атайын уюштурган аракети деп атоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG