АКШ шейшемби күнү Балтимор шаарындагы порттон Украинага жогорку сапаттагы (антрацит) таш көмүрүнүн алгачкы бөлүгүн жөнөттү. 62 миң тонна таш көмүр үч жуманын ичинде Одессадагы портко жетерин "Америка добушу" радиосу кабарлады.
Украина менен АКШ лидерлеринин июнь айындагы жолугушуусунан кийин АКШнын Пенсильвания штатындагы XCoal Energy компаниясы Украинанын "Центрэнерго" компаниясы менен 31-июлда көмүр келишимине кол коюшкан. Украинанын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган бул келишимге ылайык, АКШ алдыңкы айларда Украинага 700 миң тонна көмүр бермей болгон.
Украинанын электр жана жылуулук станцияларынын көбү антрацит көмүрү менен иштейт. Мурда мындай көмүр орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөп турган Донбасс аймагынан келип турчу. Украин чыгышында 2014-жылы куралдуу жаңжал башталгандан бери бийлик көмүрдүн альтернативдүү булактарын издештирүүгө өткөн.