Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:11

1937: Бишкекте Сталин көчөсүн ачууну каалагандардын соту өтүүдө


20-июнда Чүй көчөсүндө “Сталин проспекти” деген жазуу пайда болгон
20-июнда Чүй көчөсүндө “Сталин проспекти” деген жазуу пайда болгон

Кыргызстандын борбор шаары Бишкектин Чүй проспектине Сталиндин ысымын ыйгаруу демилгеси менен чыккандардын иши шаардык сотто карала баштады. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна “Солчул күчтөрдүн коалициясы” кыймылынын мүчөсү Амантур Манапбаев билдирди.

Анын айтымында, 22-августта башталган соттук отурум Свердлов райондук милициясынын алар менен жүргүзгөн алдын ала маектешүүсү тууралуу акт иштин материалдарына тиркелбей калганына байланыштуу 25ине калды.

20-июнда борбор калаанын Чыгыш-5 кичи районунун Чүй жана Төрөкул Айтматов көчөлөрү кесилишкен жериндеги имараттын дубалында “Сталин проспекти” деген жазуу пайда болгон. Көп өтпөй Бишкек шаардык мэриясы ал жазууну алып салган.

Бул үчүн “Солчул күчтөрдүн коалициясы” кыймылынын эки мүчөсүн Свердлов райондук соту 1,5 миң сомдук айыппулга жыккан. Бул чечимге байланыштуу алар шаардык сотко кайрылган.

Бул демилгени көтөргөндөрдү коомчулук өкүлдөрү советтик тарыхты бурмаланган вариантта үйрөнгөндөр катары баалашууда.

"Ата Бейиттеги" сталиндик курмандыктарга арналган айкел.
"Ата Бейиттеги" сталиндик курмандыктарга арналган айкел.

Советтик бийликтин башында турган Иосиф Сталиндин убагында, 1923-53-жж. аралыгында, дээрлик 20 миллионго жакын адам сүргүнгө айдалып, жүз миңдеген адамдар бейкүнөө атылган, айрым этностор жазыксыз жерден туулуп-өскөн журтунан башка жактарга депортацияга кабылган.

Быйыл Кыргызстанда 1930-жылдардагы "эл каймагын" жазыксыз жерден камап, атып, сүргүнгө айдаган сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерген бир катар илимий жана башка коомдук иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бишкектин түштүк-чыгышында бул курмандыктардын элесине багышталган "Ата Бейит" эскерүү жайы 1991-жылы 30-августта ачылган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG