Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

Тажикстан маркумдун ашында бодо мал союуга тыюу салды


Президент Эмомали Рахмон
Президент Эмомали Рахмон

Тажикстанда маркумдун жетилик, кыркылык жана ашында бодо мал союуга жана элге тамак берүүгө тыюу салынмай болду. Президент Эмомали Рахмондун демилгеси менен "Салт, салтанат жана жөрөлгөлөрдү тартипке салуу жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү тажик парламентинин төмөнкү палатасы 23-августтагы кезексиз жыйынында бир добуштан колдоду.

Өзгөртүүлөргө ылайык, исламдын ыйык жерлерине зыярат кылып келген адамдарды "ажы" деп өзгөчө урмат көрсөтүүгө болбойт. "Баланы отургузуу" жөрөлгөсү үй-бүлө мүчөлөрүнүн катышуусунда гана өтөт. Ага искусство кызматкерлери катыша албайт.

Мындан тышкары бала төрөлгөндөн жети күн өткөндөн кийин өткөрүлгөн "акика" жөрөлгөсүнө толугу менен тыюу салынат. Тажикстандагы бул салтка ылайык, уул төрөлсө атасы эки кой, кыз төрөлсө бир коюу союшу керек эле.

Мындай өзгөртүүлөр 11-августта президенттин расмий сайтына жарыяланган. "Бул чаралар ата-энелердин каражатын үнөмдөө жана элдин жашоо деңгээлинин начарлашынын алдын алууну көздөйт" деп айтылат расмий билдирүүдө.

Мыйзамга ылайык, мамлекеттик кызматкерлер менен юридикалык мекемелердин бул жааттагы жоопкерчилиги да күчөтүлдү. Эгер алар жөрөлгөлөрдү чектөө боюнча эрежелерди сактабаса, 25 миңден 35 миң сомониге чейин айыпка жыгылат. Жеке ишкерлер, диний кызматкерлерге да 35 миң сомониге чейин айып пул салынат.

XS
SM
MD
LG