Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:22

Өзбек президенти "Телеграм" жана "Инстаграмда" өз барагын ачты


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кыска билдирүүлөрдү алмашууга мүмкүнчүлүк берген интернеттеги "Телеграм" түйүнүндө өз каналын ачты. Өткөн апта соңунда ачылган каналда алгачкы билдирүү 21-августта пайда болду.

Бул түйүндө президент Мирзиёевдин ишмердиги тууралуу өзбек жана орус тилдериндеги расмий жаңылыктар, иш сапарлары маалында тартылган сүрөттөр таратылып жатат. Учурда каналга катталгандардын саны дээрдик үч миң адамга жетти.

Август айында өзбек президентинин "Инстаграмдагы" барагы ачылган. Мындан тышкары Шавкат Мирзиёвдин "Ютуб" жана "Твиттер" түйүндөрүндө өз барагы бар.

Мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда "Телеграм" түйүнү айрым өзбек интернет колдонулуучулары үчүн альтернативдүү маалыматтарды алуунун бирден-бир булагы болуп келген.

XS
SM
MD
LG