Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Түркиянын Малазгрит аймагында 13 боз үй тигилип жатат


Түркиянын Малазгрит аймагында 13 боз үй тигилип жатат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Түркиядагы этникалык кыргыздардан Касымбек Варол билдирди:

- 13 боз үйдү тигип бүтөйүн деп калдык. Малазгриттеги фестивалга карата тигилүүдө. Программада президент Режеп Тайип Эрдоган өзү келет деп жатышат. Буйруса аны боз үйдө коноктойбуз деген пландар бар.

Малазгрит кыргыздар отурукташкан Ван аймагына коңшу Муш провинциясында жайгашкан шаар. 25-26-августта ал жерде 1071-жылдагы салгылашуудагы жеңиш күнү белгиленет.

Фестивалдын курулуш иштерин Вандын Улуу Памир айылынын тургундары өз моюнуна алган.

Тигилип жаткан боз үйлөр Кыргызстандан атайын буюртма менен жасалган. Эң чоңу 16 канаттан турат. (ElB)

XS
SM
MD
LG