Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 16:00

Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиондугунда жарым финалда күрөшөт


Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиондугунун чейрек финалдык таймашында. 23-август, 2017-ж.

Франциянын борбору Париж шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунун таймаштары уланууда. Бүгүн 23-августта кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн төрт салмакта байгелер ойнотулуп жатат. Кыргызстандан бул мелдеште Назира Марсбек кызы, Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы күч сынашууга чыкты.

58 килограммга чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова 1/8 финалда германиялык Лаура Мертенсти 6:0 эсебинде жеңип алды. Чейрек финалда нигериялык Аминат Олувафунмилайо Аденийи менен таймашып, 4:3 эсебинде жеңишти камсыздады. Алдыда жарым финалда тунистик Марва Амри менен таймашат.

Буга чейин бул мелдеште кыргызстандык Назира Марсбек кызы (55 кг) алгачкы беттешинде утулса, Айпери Медет кызы алгач түштүк кореялык атаандашын утуп, 1/8 финалда белорусиялык спортчуга жеңилип калган. (ECh).

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG