Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Кара-Сууда жардыргыч зат алып жүргөн адам кармалды


Шектүүнүн жанынан табылган РГД-5 жана Ф-1 үлгүсүндөгү эки граната
Шектүүнүн жанынан табылган РГД-5 жана Ф-1 үлгүсүндөгү эки граната

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев "Азаттыкка" билдирди:

- Бизге Нариман айылында бир киши жардыргыч зат сактап жүрөт деген маалымат келип түшкөн. 22-август күнү кызматкерлерибиз аталган маалымат боюнча барып, атайын операциянын негизинде 34 жаштагы Улан атуу өзгөндүк тургунду кармашты. Кармоо учурунда ал гранаталарды жардырууга аракет кылган. Милиционерлердин ыкчамдыгы менен анын жанынан РГД-5 жана Ф-1 үлгүсүндөгү эки граната алынды.

Аширбаевдин маалыматы боюнча, кармалган киши ИИМде кылмыш тобунун мүчөсү катары каттоодо турат.

Бул ишке байланыштуу кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө. Тергөө иштеринин кызыкчылыгына байланыштуу кармалган кишинин аты-жөнү толук айтылбайт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG