Франциянын борбору Париж шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунун таймаштары уланууда.
Бүгүн 23-августта кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн төрт салмакта байгелер ойнотулуп жатат. Кыргызстандан бул мелдеште Назира Марсбек кызы, Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы күч сынашууга чыкты.
58 килограммга чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова 1/8 финалда германиялык Лаура Мертенсти 6:0 эсебинде жеңип алды. Чейрек финалда нигериялык Аминат Олувафунмилайо Аденийи менен таймашып, 4:3 эсебинде жеңишти камсыздады.
Жарым финалда тунистик Марва Амри менен таймашып, ага 7:8 эсебинде утулуп калды. Эми ал коло үчүн кытайлык Нингнинг Ронг менен таймашат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.
Буга чейин бул мелдеште кыргызстандык Назира Марсбек кызы (55 кг) алгачкы беттешинде утулса, Айпери Медет кызы алгач түштүк кореялык атаандашын утуп, 1/8 финалда белорусиялык спортчуга жеңилип калган. Белорус спортчусу финалга чыккандыгына байланыштуу Медет кызына жооткотуучу таймашка чыгууга жол ачылды. Ал беттеште канадалык Жастина Ренай Ди Стасиого жеңилип (6:4) мелдештен четтеди. (ECh).