Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:09

Орус режиссеру Серебренников үй камагына алынды


Режиссер Кирилл Серебренниковду сот залына алып келишүүдө.
Режиссер Кирилл Серебренниковду сот залына алып келишүүдө.

Москванын Басманный соту шаршембиде белгилүү режиссер Кирилл Серебренниковду 19-октябрга чейин үй камагында кармоо чечимин чыгарды. Жактоочу тараптын режиссерду күрөөгө бошотуу өтүнүчү канааттандырылган жок.

Гоголь борбору театрынын көркөм жетекчиси Серебренников 22-августта Санкт-Петербург шаарында кармалган. Ага өзү негиздеген «Жетинчи студия» аркылуу 68 миллион сомдук акчаны кымырып алган деген айып тагылууда.

Шаршембиде ондогон адам сот имаратынын алдына чогулуп, режиссерго колдоо көрсөтүштү. Айыптарды четке каккан режиссерду бир катар театр чеберлери жана коомдук ишмерлер коргоп чыгышты. Алардын айрымдары бул ишти куугунтук деп мүнөздөшүүдө.

XS
SM
MD
LG