Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:43

Кыргызстанга Өзбекстандын президенти келет


Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын декабрында Самарканд шаарында өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен
Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын декабрында Самарканд шаарында өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу бугүн маалымат жыйында Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов билдирди. Ал эки тарап бул визитке даярданып жатканын жана анын күнү азырынча тактала электигин айтты.

16-августта Кыргызстан жана Өзбекстан премьер-министрлери Сооронбай Жээнбеков менен Абдулла Арипов жолуккан. Анда кыргыз-өзбек чек арасынын такталган 1170 чакырым бөлүгүн бекитүү боюнча өткөөл келишимге кол коюлган. Мындан сырткары акыркы тогуз жылдан бери алгач ирет өткөн өкмөт аралык жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгын жакшыртуу макулдашылган болчу. Мирзиёевдин бул жолку сапарында мына ушул макулдашууга эки президент кол коёт деп айтылууда. Ушул эле жыйында мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин Ташкентке расмий сапары пландалып жатканы айтылган.

Президент Алмазбек Атамбаев былтыр жыл аягында Өзбекстанга сапар менен барып келген соң чек ара маселеси боюнча эки тараптын бийлик өкүлдөрү бир нече жолу сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG