Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

ANI: Индияда кыргызстандык аялдын кызы да кармалды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Индиянын жергиликтүү медиасы Нью-Делинин эл аралык аэропортунда ири суммадагы акча менен кармалган кыргызстандык Зухра Балтабаеванын кызы да колго түшкөнүн кабарлап чыгышты. Делинин Пахаржани деген районундагы мейманканада кармалган ал кыз Индияга 3 килограмм 383 грамм алтынды мыйзамсыз алып киргенин моюнга алган.

Индия жаңылыктар агенттигинин (ANI) маалыматы боюнча, Зухра Балтабаева да жанындагы акча Индияга мыйзамсыз алынып келинген 4 килограмм 472 грамм алтынды сатуудан түшкөн каражат экенин билдирген.

Агенттиктин маалыматы боюнча, Балтабаеванын өзүнөн жана багажынан алынган акчанын жалпы суммасы эки миллион АКШ долларынан (2, 01, 172 USD) ашуун. Алгач бул сумма бир миллион доллардан бир аз ашык деп кабарланган.

Индиянын Индустриалдык коопсуздук боюнча Борбордук кызматынын (CISF) расмий өкүлдөрү жаңылыктар агенттигине: “Бишкекке учуу үчүн келген аялдын аэропорт кампусундагы кыймыл-аракеттери шек саноо жараткандан кийин ал деталдуу текшерүүгө алынган”,- деп билдиришкен.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Индиядагы кыргыз элчилиги кармалган аялга укуктук жардам көрсөтүп жатканын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG