Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Шайлоо-2017: КСДП фракциясы өкмөттүн жаңы курамын карайт


Сапар Исаков. 30.5.2017.
Сапар Исаков. 30.5.2017.

Бүгүн Кыргызстандын Жогорку Кеңешиндеги КСДП фракциясы, андан кийин Көпчүлүк коалиция өкмөттүн жаңы курамынын долбоорун карайт. Анда премьер-министрлик кызматка сунушталып жаткан Сапар Исаков өз программасы менен тааныштыраары күтүлүүдө.

Аталган фракциянын мүчөсү, депутат Рыскелди Момбеков биринчи вице-премьерлик кызматка Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев менен Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов каралып жатканын “Азаттыкка” билдирген.

Көрсөтүлуп жаткан талапкерлер менен өкмөт курамын Жогорку Кеңеш 25-августта кезексиз жыйында карайт.

Мурдагы премьер-министр, КСДПнын өкүлү Сооронбай Жээнбеков быйыл 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкер катары расмий катталгандыгына байланыштуу 21-августта кызматын тапшырган.

Мыйзам боюнча өкмөт кызматтан кеткенден кийин Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын түзүшү керек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG