Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:28

Бишкекте “Музыкалык Эркиндик” флешмобу быйыл болбой калышы ыктымал


Бишкек шаарында салтка айланган “Музыкалык Эркиндик” флешмобу мындан ары токтотулушу мүмкүн.

Уюштуруучу, "Ololo art studio" коомдук бирикмесинин жетекчиси Данияр Аманалиев билдиришинче, өзүн Биринчи Май районунун акиминин орун басары деп тааныштырган адам телефон чалып, август айынын соңуна белгиленген иш-чараны өткөрүүгө расмий уруксат суроону эскерткен.

"Музыкалык Эркиндикте" музыканттар Эркиндик гүлбагынын ар кайсы жеринде өз өнөрүн көрсөтөрүн, атайын сцена жоктугун, бул концерт же кандайдыр бир саясий акция эместигин түшүндүрдүк. Канат мырза эмне болгон күндө да коомдук жайда өтө турган ар бир иш-чара үчүн сөзсүз түрдө уруксат алынышы зарылдыгын айтып жатты. Бул абсурд. Музыка ойношу үчүн уруксат сурагандан көрө бул иш-чараны өткөрбөй койгонубуз жакшы.

Аманалиев "Музыкалык Эркиндик" дүйнөнүн бардык шаарларында эч ким менен макулдашуусуз эле өтүп турарын белгилеп жатат.

Биринчи Май районунун мамлекеттик администрация башчысынын орунбасары Канат Бейшенов "Музыкалык Эркиндик" флешмобун уюштургандардан акимият уруксат суроону талап кылып жатканын ырастады. Ал аталган флешмобду өткөрүүгө алдын ала макулдашуу талабы “Атуулдардын тынч жыйынга чогулуу укугу” жөнүндө мыйзамынын негизинде коюлуп жатканын жана алдын ала маалымат берилбесе, ошол жерде жашаган тургундар чалып сурай беришерин белгиледи.

11-жолу өткөрүлүп жаткан "Музыкалык Эркиндиктин" уюштуруучулары буга чейин флешмоб уюштурганга уруксат сурабай келишкенин белгилеп жатышат. Мында 15-20 чакты көчө музыканттары шаардагы ар кайсы эс алуу бакчаларына чогулуп, ачык асман алдында түрдүү жанрдагы музыкалык чыгармаларды аткарып келишет.(ZA/КЕ)

XS
SM
MD
LG