Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Чек арадагы жаштар үчүн 8 миллион сом берилди


Баткен. Кыргыз-тажик чек арасы.
Баткен. Кыргыз-тажик чек арасы.

Баткен облусунун Тажикстан менен чек аралаш аймактарындагы 21 айылдын жаштарына чакан ишкердүүлүктү жандандыруу үчүн “Youth of Osh” коомдук бирикмеси тарабынан “Бизнес клуб Баткен” долбоорунун алкагында каражат берилди. Бул тууралуу аталган уюмдун Баткендеги өкүлү Дастан Зайнаев “Азаттык” радиосуна билдирди.

Аталган долбоор Баткен облусунун чек арада жашаган жаштарынын ынтымагын бекемдөө, чет жактарга жумуш издеп кетүүсүнүн алдын алуу максатын көздөйт. Берилген 8 млн. сомго айылдардагы чакан ишкердик менен алектенген жаштар 29 ишкана түптөйт. Учурда 23 ишкана ишке берилген. (JsA)

XS
SM
MD
LG