Индияда аэропорттон кармалган кыргызстандык Зухра Балтабаева менен анын кызын тергөө иши аяктаганга чейин эки жумага камакка алуу боюнча чечим чыгарды.
Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди. Аларга элчилик өкүлдөрү укуктук жактан жардам берүүдө.
21-августта Индиянын жергиликтүү медиасы Нью-Делинин эл аралык аэропортунда ири суммадагы акча менен кармалган кыргызстандык Зухра Балтабаеванын кызы да колго түшкөнүн кабарлап чыгышты.
Делинин Пахаржани деген районундагы мейманканада кармалган ал кыз Индияга 3,383 грамм алтынды мыйзамсыз алып киргенин моюнга алган. Индия жаңылыктар агенттигинин (ANI) маалыматы боюнча, Зухра Балтабаева да жанындагы акча Индияга мыйзамсыз алынып келинген 4,472 грамм алтынды сатуудан түшкөн каражат экенин билдирген.(KЕ)