Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Сариев: Башка талапкерлер менен биригүү боюнча сүйлөшүү уланууда


Кыргызстандагы “Ак шумкар” саясий партиясынын лидери Темир Сариев президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда саясий жарышка аттанган башка талапкерлер менен да биригүү боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын “Азаттык” радиосуна билдирди.

- Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз жана ал уланат. Башка да талапкерлер менен сүйлөшүүдөбүз. Жакын арада алар боюнча бир топ маалыматтар чыгат. Анктени алар да өз билдирүүлөрүн жасашат. Сүйлөшүүлөр биригүү жөнүндө, бир багытта чогуу иш-аракеттерди кылуу боюнча да жүрүп жатат.

Буга чейин Темир Сариев "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров, “Ата-Журттун” лидерлери Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев менен биригүү тууралуу сүйлөшүү башталганын айткан. Аты аталган саясатчылар биригип, бир талапкерди сүрөй турганын мунун алдында билдиришкен болчу.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG