Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Теракт коркунучунан улам Роттердамда рок концерти токтотулду


Полиция теракт коркунучунан улам Голландиянын Роттердам шаарындагы америкалык рок тобунун концертин токтотту. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, полиция концерттик залдын жанынан газ баллондору менен испан номерлүү автобусту кармады. Анын айдоочусу кармалып, суракка алуу үчүн полиция аймагына алынып келинди.

Роттердамдын мэри Ахмед Абуталебдин айтымында, бул окуянын алдында Нидерланд бийлиги испан тартип коргоо органдарынан террордук коркунуч бар деген маалымат алган.

Барселонадагы терактан кийин Европада Биримдигинде коопсуздук маселеси курч бойдон турат.

17-августта Испаниянын Барселона шаарында катуу ылдамдыкта келген фургон каалйык топтолгон жайдагы кишилерди тебелеп кеткен. 15 адамдын өмүрүн алган бул чабуулга "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жоопкерчилик алган. Мында 100дөн ашуун киши жарадар болгон. Камалгандардын бардыгы террорчу уюмдун мүчөлөрү экенин Би-Би-Си маалымдаган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG