Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Спорт: Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиондугунда коло медал тагынды (видео)


А.Тыныбекова кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча дүйнө чемпиондугунун коло байгеси үчүн таймашында. Париж. 23.8.2017.
А.Тыныбекова кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча дүйнө чемпиондугунун коло байгеси үчүн таймашында. Париж. 23.8.2017.

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова (1993-жылы туулган) ушул күндөрү Франциянын борбору Париж шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда үчүнчү орунга ээ болуп, коло медал тагынды.
Кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 58 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Тыныбекова төрт беттеш өткөрдү.
Алгач 1/8 финалда германиялык Лаура Мертенсти 6:0 эсебинде жеңип алды. Чейрек финалда нигериялык Аминат Олувафунмилайо Аденийи менен таймашып, 4:3 эсебинде жеңишти камсыздады.

Жарым финалда тунистик Марва Амри менен таймашып, бир гана упайдын айырмасында 7:8 эсебинде утулуп, алтын байге үчүн күрөшкө чыкпай калды.

23-августта Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн кытайлык Ниңниң Жун (Ningning Rong ) айым (1990-ж. туулган) менен таймашып, 6:5 эсебинде жеңишти камсыздап, Париждеги күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунун коло байгесине ээ болду.

58 кг. коло байге үчүн күрөш. Айсулуу Тыныбекова - Нингнинг Ронг (Кытай) 6:5. 23-август, 2017-жыл. Париж. Франция.

Бул салмакта АКШ өкүлү Хеллен Луис Маролис алтын медал тагынды. 2-орунду тунистик Марва Амри ээледи. Дагы бир коло байгеге канадалык Мишел Кристина Фазари ээ болду.
Айсулуу Тыныбекова чоңдор арасында Азиянын эки жолку чемпиону. Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.

23-августта кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн төрт салмакта байгелер ойнотулду. Кыргызстандан бул мелдеште Тыныбековадан сырткары Назира Марсбек кызы жана Айпери Медет кызы күч сынашууга чыкты.
Назира Марсбек кызы (55 кг) алгачкы беттешинде жеңилсе, Айпери Медет кызы (75 кг.) алгач түштүк кореялык атаандашын утуп, 1/8 финалда беларус спортчуга жеңилип калган. Беларус спортчу айым финалга чыккандыгына байланыштуу Медет кызына жооткотуучу таймашка чыгууга жол ачылды. Күчтүү атаандаштыкта өткөн ал беттеште Медет кызы канадалык Жастина Ренай Ди Стасиого жеңилип (6:4), мелдештерин байгесиз жыйынтыктады.

Бүгүн, 24-августта Мээрим Жуманазарова (69 кг.) күч сынашат. Ал алгач монголиялык Насанбурмаа Очирбат (Nasanburmaa OCHIRBAT) менен таймашат. (ECh).

XS
SM
MD
LG