Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Кыргызстан-ЮНИСЕФ кызматташтыгы талкууланды


Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Кыргызстан менен кызматташтыкты маанилүү багыттардын бири деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаковдун ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо жана аталган уюмдун инновациялар боюнча департаментинин башчысы Крис Фабиан менен жолугушуусунда айтылды.

Сапар Исаков ЮНИСЕФтин долбоорлору кыргызстандык балдардын укугун коргоо ишине позитивдүү таасир тийгизип келатканын белгиледи.

Жолугушууда кызматташтыктын азыркы абалы жана келечеги талкууланды.

Буга чейин маалымдалгандай, бүгүнкү күндө Кыргызстанда балдардын саны эки миллионду түзөт. Беш жашка чейинки балдардын арасында өлүм ​соңку жылдары 2/3 эсе кыскарган. (RK)

XS
SM
MD
LG