Учурда Кыргыз президентинин аппарат башчысы болуп иштеп жаткан Сапар Исаковду премьер-министрликке сунуштаганда, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы анын кесипкөйлүгүн жана жаш кадр экенин негизги себеп катары кароодо. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" үналгысына Жогорку Кеңештеги аталган фракциянын лидери Иса Өмүркулов билдирди.
КСДП бүгүн өкмөттүн жаңы курамын талкуулап, кеңешүү жыйынын өткөрдү. Курамга айрым орун алмашуулар сунушталып жатат.
Премьер-министрликке - Сапар Исаков, биринчи вице-премьерликке - Улуттук банк төрагасы Толкунбек Абдыгулов, экономика маселелери боюнча вицеликке - азыр Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитетти башкарып турган Дүйшөнбек Зилалиев, коопсуздук боюнча вицеликке - Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров сунушталууда.
Ошондой эле айрым министрлик-мекемелердин башчыларын алмаштыруу жагы каралууда.
Маселен, экономика министринин кызматына учурда президенттик аппаратта экономика бөлүмүн жетектеп турган Артем Новиков, Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитетке азыр бул мекемеде жетекчи орун басары Улан Рыскулов жана Маалыматтык технологиялар, байланыш боюнча мамлекеттик комитетке учурда “Улуттук электр түйүнү” ишканасынын Директорлор кеңешинин төрагасы Нурбек Абаскановдун талапкерлиги каралууда.
Ал эми өкмөттүк аппаратка жетекчи кылып учурда Кадр кызматын башкарган Нурханбек Момуналиев сунушталууда. (BkA)