Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз катчысы Аида Карабаева "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, электрондук акча жөнүндөгү өзгөртүлгөн жобо тууралуу интернеттеги социалдык тармактарда пайда болгон сын-пикирлер да жобону бекитүүдө эске алынат:
- Жобонун долбоору 1-августтан тарта коомдук талкууга коюлган. Каалоочулар аны менен Улуттук банктын сайтынан тааныша алышат. Тиешелүү тараптар өздөрүнүн сунуш-пикирлерин бизге жиберсе болот. Бардык суроо-сунуштарды, пикирлерди карап көрүү менен Улуттук банк бул Жобону бекитүүсү мүмкүн.
Улуттук банк бул маселени жакынкы күндөрү Кыргызстандагы байланыш операторлору менен чогуу талкуулоону көздөөдө.
Өзгөртүү киргизүү сунушталып жаткан Жобого ылайык, электрондук акча менен ишке ашырылуучу операциялардын бардыгы мобилдик капчыктан гана жүргүзүлүшү керек. Товар, кызмат үчүн алдын ала төлөнгөн акыны кайра кайтаруу аркылуу түшкөн акча менен электрондук капчыкты толуктоого тыюу салынат. Ошондой эле мобилдик акча калдыктарын электрондук капчыктан башка формада сактоого да тыюу салынат.
Улуттун банктын мындай талаптары электрондук капчык пайдалануучулар арасында нааразылык жаратууда. Социалдык тармактарда Улуттук банк элдин абоненттик жана коммуналдык кызмат акыларын төлөөдө жеңилдиктерди алып салып, ыңгайсыздык жараткысы келет деген пикирлер арбыды. Жарандык активист жана блогер Денис Бердаков "смартфондордун ээлери мобилдик номериндеги балансы аркылуу электрондук капчыгын толуктай албашы жана коммуналдык кызмат акыларын телефондогу акча балансынан которуп, төлөй албашы - бул өнүгүүдөн баш тартуу" деген пикирин билдирген. (ZKo)