Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

Медиа: Укук коргоочулар "Сентябрь" боюнча парламентке кайрылды


Кыргызстандагы укук коргоочулар көз каранды эмес «Сентябрь» телеканалынын тагдырына байланыштуу Жогорку Кеңешке ачык кайрылуу жолдошту.

Кайрылууда: "Керек болсо, Акаев менен Бакиев дагы ушунчалык көз көрүнөө, төмөн түшүп, мыйзамсыз түрдө жарандардын маалымат алуу булагы болуп эсептелген ЖМКны – телевидениени жабууга барган эмес. Ар бир депутат президенттик шайлоонун алдында түзүлгөн коомдук-саясий кырдаалда тарыхый жоопкерчиликке ээ экендигин сезиши керек. Шайлоого бир жарым ай калганда маалымат мейкиндигин тазалоо - бул башкаруу режими эркин шайлоону четке кагып, кетип жаткан президенттин мураскерин таңуулап, муну менен шайлоочулардын эң негизги саясый укугунан – эркин шайлоо укугунан ажыратуу аракетин көрүп жаткандыгына ынанууга болот”, - деп айтылат.

Кайрылууга “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы, «Адилет» укуктук клиникасы, “Кылым шамы” укук коргоо борбору, “Интернет саясаты боюнча жарандык демилге”, “Прецедент», “Жарандык катышуу” уюмдары, Жарандык коомду колдоо борборлорунун ассоциациясы жана “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы кол коюшту.

22-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Башкы прокуратуранын “Сентябрга” карата доо арызын канааттандырып, анын теле жана радиопрограммаларына тыюу салуу, Интернеттеги көрсөтүүлөрүнө чектөө киргизүү тууралуу чечим чыгарган.

Телеканал өкүлдөрү бул чечимди мыйзамсыз деп атоодо.

Ал эми Башкы прокуратура далилдер жетишүү экенин билдирип жатат.

Кыргызстандын Башмыйзамында мурдагы совет доорундагыдай цензуралык чектөөлөргө тыюу салынган. (RK)

XS
SM
MD
LG