Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:59

Катар Иран менен дипломатиялык алакасын жандантты


Катардын баш калаасы Доха шаары.

Катар Иран менен дипломатиялык алакасын толук калыбына келтирүүнү чечти. Расмий Доханын мындай кадамы Сауд Арабия баштаган калган араб өлкөлөрүнүн Тегеран менен мамилени токтотуу талабына карама-каршы келет.

Катардын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн элчиси Тегеранга 20 айлык тыныгуудан кийин кайтып барарын маалымдады.

2016-жылдын башында Сауд Арабияда шииттердин белгилүү диниятчысы өлүм жазасына тартылгандан кийин чатак тутанып, Ирандагы Саудиянын эки дипломатиялык өкүлчүлүгүнө чабуул коюлган. Бул окуядан кийин бир катар араб мамлекеттери Ирандан өз дипломаттардан чыгарып кеткен.

Катардын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө "Иран менен бардык тармактар боюнча эки тараптуу алакаларды бекемдөөгө ынтызар" экени жазылган. Ошондой эле өлкөнүн тышкы иштер министри, шейх Мухаммад бин Абдулрахман ал-Тани Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф менен телефон аркылуу эки тараптуу алакаларды сүйлөшкөнү маалымдалды.

Катар менен Саудия баштаган жети араб мамлекетинин ортосунда дипломатиялык чыр чыкканы Иран Катарга колдоо көрсөтүп келет. Июнь айында Сауд Арабия Катарга бара турган жалгыз жолду жаап салган соң, Тегеран Дохага деңиз азык-түлүк жеткирип келет.

XS
SM
MD
LG