Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:16

Спорт: Кыргыз көк бөрүчүлөрү тажикстандык атаандаштарын 15:2 эсебинде утту


Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курама командасы оюндан кийин. 24.08.2017.
Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курама командасы оюндан кийин. 24.08.2017.

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан көк бөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча дүйнө чемпиондугунун тайпалык тандоо оюндарынын 4-турунда Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү Тажикстан командасын 15:2 эсебинде жеңип алды. Оюн Астана шаарындагы "Казанат" ат майданында өттү.

Оюндун биринчи таймы 9:0 эсебинде аяктады. Экинчи таймда кыргыз тарап алты улакты атаандаштарынын аймагына таштаса, тажик тарап эки голдун ээси болушту.

Аталган чемпионат 21-августта башталган. Ага 11 курама команда катышып, эки тайпага бөлүнүп ойноп жатышат.

Буга чейин кыргыз көк бөрүчүлөрү Монголияны 4:0, Өзбекстанды 11:2, Түркияны 13:3 эсебинде жеңип алган. Эртең (25-августта) тайпалык тандоо оюндарынын акыркы турунда кыргыз көк бөрүчүлөрү АКШ курама командасы менен беттешет.

Финалдык оюн 27-августта болот. (ECh).

XS
SM
MD
LG