Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Бишкекте милиция куралчан адамдарды издөөдө


Бишкекте милиция куралчан адамдарды издөөдө. Алар милиционерди тапанча жана гранатага окшош нерсе менен коркутушкан.

24-августка караган түнү борбор калаанын Ауэзов көчөсүндө кайгуул-күзөт кызматкерлери жол чырактын кызыл түсүнө карабай өтүп кеткен автоунааны токтотушкан. Nissan Presage үлгүсүндөгү машинанын айдоочусунун документтерин текшерүү учурунда ичинде отурган кишилер аны тапанча жана граната сымал нерсе менен коркутушкан.

Милиция ал учурда асманга ок атканы да айтылууда. Куралчан адамдар отурган унааны кууп жетпей калышкан.

Буга байланыштуу борбор калаада «Колго түшүрүү» планы жарыяланды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, аталган унаа бүгүн эртең менен Көк-Жар жаңы конушунда ээсиз турганы аныкталган. Учурда иликтеп-издөө иштери жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG