Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Террордук уюмдун мүчөсү деп шектелген адам кармалды


Сириядагы согушкерлердин катарындагы кыргызстандыктар
Сириядагы согушкерлердин катарындагы кыргызстандыктар

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет эл аралык террордук уюмдун мүчөсү деп шектелген киши кармалганын маалымдады. Ал "террордук иштерди каржылоо", "каракчылык" жана "бандиттик" боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, кармалган жаран Ош облусунун тургуну, 23 жашта. Ал жашыруун түзүлгөн эл аралык террордук уюмдун кылмыштуу тобунун мүчөсү болгондугу аныкталган. Аталган топ террордук ишти каржылоо жана теракт жасоо боюнча кылмыш пландарын жүзөгө ашыруу максатында адам өлтүрүү жана талап-тоноочулук үчүн аскердик машыгуудан өткөн. Ошондой эле бул жашыруун террордук топ курал-жарак жана ок-дары менен камсыз болгон.

Учурда Кыргызстанда анын кылмыш байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат деп маалымдайт УКМКнын басма сөз кызматы.

Шектүү Коопсуздук комитетинин тергөө абагына киргизилди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет август айында эле эл аралык террордук уюмдарга тиешеси бар деп он чакты кишини кармады. Алардын экөө чет элдик жарандар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG