Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев 24-августта Ооганстандын вице-президенти Мохаммад Сарвар Даниш менен Бишкекте жолугушту. Кыргызстан-Ооганстан кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Эки тараптуу кызматташтыктын ичинде ири инфраструктуралык, энергетикалык долбоорлор эске алынды.
Атамбаев Ооганстан өкүлүнө ак илбирсти сактоого арналган форумга катышуу үчүн Кыргызстанга келгени үчүн ыраазылык билдирип, бул форум ак илбирс мекендеген өлкөлөрдүн жаратылышын сактоо маселелерине көңүл бурууга көмөктөшөрүн белгиледи.
Мохаммад Сарвар Даниш өз кезегинде ооган делегациясы үчүн ак илбирсти сактоо форумуна катышуу зор сыймык экенин белгиледи.
Эки тараптуу жолугушууга Ооганстандын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча улуттук агенттигинин башкы директору Мустафа Захер менен Ооганстандын Кыргызстандагы элчиси Мохаммед Исса Месбах да катышты. (ZKo)