Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

Шайлоо-2017: БШК төрайымы эң таза шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк жаралганын билдирди


Нуржан Шайлдабекова. 14.11.2016.
Нуржан Шайлдабекова. 14.11.2016.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Кыргызстанда биринчи жолу эң таза шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк ачылууда, деп билдирди. Бул сөзүн ал бүгүн Таласта бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу маалында айтты.

БШК төрайымы ошондой эле шайлоо күнүнө чейин президенттик талапкерлердин саны кыйла кыскарарын айтты. Ал жергиликтүү бийлик жетекчилерин шайлоону уюштурууга көмөктөшүүгө чакырды.

Ал эми Кыргызстандагы оппозициячыл күчтөр БШКнын өзүн шайлоо камылгалары жана шайлоо өнөктүгү маалында өзгөчө калыс болууга чакырышууда. Оппозициячыл саясатчылардын бири - "Ата Мекен" партиясынын лидери, убактылуу абактагы депутат Ө.Текебаевдин БШК тарабынан талапкер катары расмий катталбай калышы шайлоо өткөрүү боюнча өлкөдөгү башкы мекемеге ар кыл сын сөздөрдү күчөттү.

БШК талапкер катары арыз берген Текебаев үчүн чогултулган 30 миңден ашуун кол тамганы чогултууга шайлоо фондунан акча төлөнгөн эмес деген жүйөө менен 17-августта жокко чыгарган.

Бишкектин райондор аралык соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарынын өтүнүчүн четке кагып, БШКнын чечимин туура деп тапкан. Эми Текебаевдин адвокаттары Жогорку Сотко кайрылышарын айтууда.

Быйыл 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Ага катышам деп алгач 59 адам айтып чыккан. Бүгүнкү күнгө карата талапкер деген макам расмий түрдө төртөөнө берилди. Акыркы тизме 10-сентябрда белгилүү болот. (AlS)

XS
SM
MD
LG