Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:57

Салянова ага коюлган айыптарды негиздеп берүүнү талап кылууда


Аида Салянова
Аида Салянова

Бишкектин Ленин райондук сотунда бүгүн Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" оппозициялык фракциясынын депутаты Аида Саляновага карата козголгон кылмыш иштин материалдары менен таанышуу жүрдү.

Салянова Башкы прокуратуранын айыптоосу мыйзамдын кайсы нормалары менен негизделгенин угуш үчүн Юстиция министрлиги тууралуу Жобонун тиешелүү пункттарынын ар бирин үн чыгарып окуп чыгууну соттон өтүндү. Судья Кубанычбек Касымбеков ал нормаларды окуп, бирок айрымдарына токтолуунун зарылчылыгы жок дегенде экөөнүн ортосунда улам кайым айтышуу пайда болуп жатты:

- Мунун баарынын кереги жок. Ишке тиешелүүсүн гана окуйбуз.

-Булар жок нерсени колдонуп жатышат. Ошону далилдеш үчүн окуш керек.

Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган.

Ал өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет.

Бүгүнкү сот отурумунда ал прокурорлордун “Салянова саясий пайдалуулукту” сактаган эмес деген айыптоосу кайсы нормада жазылганын көрсөтүп бергиле деп суранды. Бирок, анын адвокаттарынын айтымында, андай талап жазылган норма келтирилген жок. (RK)

XS
SM
MD
LG