Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:06

Шайлоо-2017: "Келечек жаштары" коомдук бирикмеси түзүлдү


"Келечек жаштары" бирикмеси
"Келечек жаштары" бирикмеси

Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарынын жаштары биригип бүгүн Жалал-Абад шаарында жыйын куруп, алдыдагы шайлоо, добуштардын сатылышына каршы туруу маселесин талкуулашты.

Жыйынтыгында жалпы жарандарды добушун сатпоого, саясатчыларды, талапкерлерди шайлоодо жана андан кийин стабилдүүлүктү сактоого чакырышты.

Ошондой эле бүгүнкү жыйында жаштар биригип өз ара "Келечек жаштары" коомдук бирикмесин түзгөнү маалым болду.

Кийинки жыйын сентябрь айында Ош шаарында уюштурулат.

Коомдук бирикме эч бир саясатчыга же президенттикке талапкерге тиешеси жок экенин айтууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG