Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:18

Президент болом дегендердин төртөө топтогон кол тамгаларын тапшырды


Президенттикке талапкер болом дегендердин үчөө кол топтоп, Боршайкомго тапшырышты. Бүгүн, 24-августта “Ата Журт”” партиясынын лидерлери Акматбек Келдибековдон 53 827, Камчыбек Ташиевден 45 498 адамдын колу коюлган барактар БШКга келип түштү.

Ушул эле күнү өзүн-өзү талапкер кылып көрсөткөн Арстанбек Абдылдаев 5013, Таалантбек Масадыков 56 771 кол топтоп тапшырышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

25-август кол тамгаларды тапшыруунун акыркы күнү. БШКга саясий жарышка катышуу үчүн арыз тапшырган 59 кишинин 47си калды.

30 миңден кем эмес кол топтоп, кыргыз тили боюнча тесттен өтүп жана 1 миллион сомдук күрөө тапшыра алгандар гана катталып, аларга талапкер деген күбөлүк тапшырылат.

Бүгүнкү күнгө карата ушул тепкичтерди өткөн беш саясатчы талапкер болуп расмий катталган.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG