Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Ташкент Москвадан Каримованын мүлкүн камакка алууну суранды


Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара.
Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнаранын Орусиядагы кыймылсыз мүлкүн камакка алуу өтүнүчү менен орус бийлигине кайрылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримова боюнча 28-июлда биринчи жолу расмий маалымат берген. Анда 2015-жылы Каримованы камакка алуу чечими чыкканы, кошумча айыптар да коюлушу ыктымалдыгы жана иликтөө-тергөө амалдары улантылып жатканы айтылат.

Маалыматка ылайык, 2015-жылы Каримова жана анын тобунун мүчөлөрү акча өндүрүү, акчаны кымырып алуу жана салыктан качуу беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Натыйжада быйыл 45ке чыккан Каримова айымга карата беш жылга "эркиндигин чектөө" чечими чыккан.

Буга чейин Каримова 2014-жылдан бери Ташкентте үй камагында жатканы кабарланган.

Гүлнара Каримова кезинде Ислам Каримовдун мураскору деп мүнөздөлүп, Өзбекстандагы ишкерчилик жана шоу-бизнес тармагын көзөмөлдөп турган. Ислам Каримов 2016-жылы 2-сентябрда 79 жашында көз жумгандан кийин Гүлнара атасынын сөөгүн акыркы сапарга узатуу зыйнатына да катыштырылган эмес.

XS
SM
MD
LG