Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Бекматов: Чет өлкөнүн жарандары менен түшкөн сүрөттү үгүткө пайдаланса болбойт


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун Орусияга барышы боюнча “Азаттык” радиосуна комментарий берди. Ал чет элдин жарандары Кыргызстандагы шайлоо жараяндарында, үгүт процессинде катыша албасын айтты.

- Чет элдик жарандардын үгүт иштерине катышууга акысы жок. Талапкерлерге алар менен сүрөткө түшүп, таратканга да жол берилбейт. Ушундай көрүнүштү жумушчу топ, башка атаандаштар же шайлоо процессинин катышуучулары байкаса, бизге арызданса болот.

Кыргызстандагы интернет сайттардын бири орусиялык "Регнум" агенттигине шилтеме берип, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Москвада президенттик администрацияда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү деген маалымат тараткан. Бирок анда жолугушуунун мазмуну белгисиз экени жазылган. Талапкердин шайлоо штабы муну ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

2011-жылдагы президенттик шайлоодо да талапкерлер Орусиянын же Казакстандын саясий ишмерлери менен сүрөткө түшүп, анысын маалымат каражаттарына жарыялаган өнөкөт күчөгөн.

Шайлоо мыйзамына кирген өзгөртүүгө ылайык, чет элдик саясий ишмерлердин колдоосун шайлоо өнөктүгүндө колдонууга тыюу салынат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG