Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан көк бөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча дүйнө чемпиондугунда Кыргызстан АКШ командалары беттешет. Ушуну менен тайпалык тандоо оюндары бүгүн жыйынтыкталат.
24-августта Тажикстанды 15:2 эсебинде утуп алгандан кийин Кыргызстандын командасы мөөнөтүнөн мурда финалдык беттешке жолдомо алган. Финал 27-августта болот. Анда Кыргызстан-Казакстан командалары таймашат. Бул оюнду full HD форматында коомдук канал түз алып көрсөтөрүн КТРК жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Аталган чемпионат 21-августта башталган. Ага 11 курама команда катышып, эки тайпага бөлүнүп ойноп жатышат. (КЕ/ ECh)