Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:58

Өкмөт: Көпчүлүк коалиция Сапар Исаковду угууда


Сапар Исаков Жогорку Кеңеште
Сапар Исаков Жогорку Кеңеште

Кыргызстандын Жогорку Кеңешиндеги көпчүлүк коалиция ушу тапта КСДП фракциясы сунуштаган өкмөт курамын карап жатат. Премьер-министрликке сунушталган, азыр президенттик аппаратты башкарып турган Сапар Исаков "Жаңы доорго 40 кадам" программасы тууралуу маалымат берүүдө.

Кечээ (24-августта) КСДПда биринчи вице-премьерликке Улуттук банк төрагасы Толкунбек Абдыгулов, экономика маселелери боюнча вицеликке азыр Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитетти башкарып турган Дүйшөнбек Зилалиев, коопсуздук боюнча вицеликке Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров сунушталып жатканы маалым болгон.

Ошондой эле айрым министрлик-мекемелердин башчыларын алмаштыруу жагы каралууда.

Маселен, экономика министринин кызматына учурда президенттик аппаратта экономика бөлүмүн жетектеп турган Артем Новиков, Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитетке азыр бул мекемеде жетекчи орун басары Улан Рыскулов жана Маалыматтык технологиялар, байланыш боюнча мамлекеттик комитетке учурда “Улуттук электр түйүнү” ишканасынын Директорлор кеңешинин төрагасы Нурбек Абаскановдун талапкерлиги сунушталууда.

Ал эми өкмөттүк аппаратка жетекчи кылып учурда Кадр кызматын башкарган Нурханбек Момуналиев каралып жатат.

XS
SM
MD
LG