Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Бишкекте ак илбирсти коргоо боюнча эл аралык форум өтүүдө


Бүгүн Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ак илбирсти жана анын экосистемасын коргоо боюнча эл аралык форум башталды. Иш-чараны президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп ачты. Ал илбирсти кыргыз эли байыртан ыйык тутуп келгенин, ан аткан кыргыз өзүнүн элин атканга, терисин саткан кыргыз жерин сатканга барабар экенин айтты.

Форумда БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин видео кайрылуусу көрсөтүлдү.

Форум бүгүн кечинде жыйынтыкталат.

Бишкекте ак илбирсти сактоо боюнча I Эл аралык форум 2013-жылы өткөн.

Глобалдык экологиялык фонддун маалыматы боюнча, учурда дүйнөдө 3 миңден 7 миңге чейин ак илбирс калган. Анын 250-300дөйү Кыргызстанда.

Адистердин айтымында, илбирстердин так эсебин чыгарууга техникалык мүмкүнчүлүк чектелүү. Буга чейин ак илбирске аңчылык кылгандарга 500 миң сом айыппул салынса, эми жаңы мыйзам долбоору боюнча анын көлөмү бир жарым миллион сом.(ZA/ZKo)

XS
SM
MD
LG